Түркияда 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыпталган 6 журналист өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, Стамбулдун соту кечээ, 16-февралда 2016-жылы болгон аскердик төңкөрүш аракетине катышкан деп айыпталган 6 журналистти өмүр бою эркинен ажыраткан. Соттолгондордун арасында бир тууган журналисттер Ахмет Алтан жана илимпоз Мехмет Алтан бар экени айтылат. Журналисттерге террордук уюмга мүчө болгон, Конституцияга каршы аракет көргөн деген айыптар коюлган.
Түрк бийлиги соттун өкүмү чыккан журналисттерди дин аалымы Фетхуллах Гүленге байланышы бар деп да айыптаган. Айта кетсек, Гүлен 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүштүн артында турган деген айыпты четке кагып келет.