“Ата журтчу” 3 депутат боюнча кийинки соттук отурум 17-июнга белгиленди. Соттук изилдөө бүткөнүн айткан сот ишине төрагалык кылуучу судья мамлекеттик айыптоочуларга жарыш сөз берди. Мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөзгө чыгуу үчүн судьядан 4 күн мөөнөт сурашты. Буга байланыштуу кийинки сот иши 17-июнда өтмөй болду.