Украинанын президенти Пётр Порошенко Орусияны "демократиялык түзүлүшкө бүлүк салды" деп айыптап, дүйнөнү орус желегине тыюу салууга чакырды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Порошенко 54-Мюнхен конференциясынын коопсуздук боюнча жыйынында сөз сүйлөп жатып бул тууралуу айткан.
"Бүгүн Москва саясатында таза оюнга орун болбой жатат. Москва гибриддик согушту токтотпосо, орус желеги эч бир жайда өнүкпөшү, тарабашы керек. Орусия жарандардын эркиндигин жана укуктарын бузуп жатат. Алардын максаты - Украинадагы стабилдүүлүктү бузуп, өлкөнү алсыздандыруу", - деп айткан Порошенко.
Киев буга чейин бир канча ирет Орусияны аталган өлкөнүн ички саясатына киришип жатканы үчүн айыптап келген.
Белгилей кетсек, Мюнхен конференциясына дүйнөдөгү 40тан ашуун өлкөнүн лидерлери катышат.