Кышкы Олимпиадага келген түндүк кореялык кыздарга көпчүлүк таң калып бүтө элек. Айрымдар бул көрүнүштү аскердик турмушка салыштырышууда

Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында Түндүк Кореядан оюндарга катышып жаткан спортчуларды атайын даярдалган көп сандаган кыздар колдоп турушат. Бирдей түстөгү кийимдерди кийген 229 кыздын сүрөттөрү интернет дүйнөсүндө кызуу талкууга алынып, көпчүлүктү таң калтырууда.

Көптүн көңүл борборуна түшкөн кыздар Пйоңчаң шаарынан анча алыс эмес жердеги курортко жайгаштырылган. Колдоочу кыздарды автобуста бара жатканда полиция кызматы кайтарып алып кетет. Оюн учурунда сакчылар кыздар менен башка адамдардын сүйлөшүүсүнө жол бербейт. Атайын даярдалган бир адам алардын баарына кол чаап, кыймыл-аракеттерди жасоону, патриоттук ырларды аткарууну жетектеп турат.

Көпчүлүк журналисттер кыздарды түштөнүү жана башка учурларда да көп сандагы сакчылар катуу тартипте кайтарып жатканын жазышкан. Айрымдар бул көрүнүштү аскердик турмушка салыштырышууда. Анткен менен интернет дүйнөсү Олимпиададагы бул көрүнүшкө таң калып бүтө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Batma08
2018-02-17 15:14:25
Пальтолору жакты
+8
Isco23
2018-02-17 15:40:11
Batma08,бирди подартетейинби 8-мартка
+5
Batma08
2018-02-17 16:10:56
Isco23,оа жок дебейм эгер чын айтып жаткан болсон
+3
Isco23
2018-02-17 17:52:51
Batma08,номеринди купияга катга жазып койсон.
-2
Matahara1980
2018-02-17 16:39:30
Isco23, пальто камдай бер еми айткан сон.))))
0
rysik79
2018-02-17 16:07:09
Башка олконун мындай куйорман кыздары барса чачырап кетишмек да . Кудайым озу кечирсин бразилия же немис орусту айтпай калайын ар кайсы номерден таппай калмаксын. Кызга кырк жерден тыюну ким чен ын жакшы корсотуп жатат . Мамлекетиндин кыздарынын намысы лыжа тээп алган алтындан кымбатыраак экенин корсотуп жатса амерлер менен каапырлар дооруй берет да.)))
+6
AKCAHAT
2018-02-17 16:27:56
rysik79, сен айткан создордун бул нерселердин эч кандай тиешеси жок ыймандуум.Булар чачырап кетсе дагы чачынан суйроп гана номерге тыгып койушат,буларды атайын ушинтип кайтарып журушот.Качып кетпоосу,олко жо сырларды айтпоосу, ашыкча кыймыл ашыкча соз чыкпашы учун. Кыздар Ото тартиптуу экен деп ойлоп алыпсынбы наивный десе)))))) боорум ооруду жада калса ушундай учурда кысым мн журушот Тундук кореялыктар.Шарты болсо качып кетишти эле каалап турушат
+9
Drongo
2018-02-17 16:52:05
AKCAHAT,туура айтасын.Россиянын,Владивосток,Хабаровский шаарларында,асман тиреген уйлорду салып иштеп жатышат,орустарга.Байкуштар жайы кышы дебей,куну-туну иштешет.Болунбой тобу менен журушот,алардын устунон мисирейген бир,-экоосу карап журот дайыма.Эч ким менен да суйлошпойт булар.
+2
Nanei
2018-02-17 17:03:06
rysik79,немис,оруска сынтакпай кыргыз кыздарга ыйман тилесенерчи,анча мынча жактан немис орустар шоона эшпей палат,кыргыздардын кылыктарынын жанында
0
mirkaa5182
2018-02-17 16:43:36
Бири-бирине жаман окшош экен, корейстер өзү сулуу келет.
+4
Drongo
2018-02-17 17:09:35
Дуйно жузуно корсоткон "показательный выступлениеси"-бизде темирдей бекем тартип деген.Бизде баары жакшы,баарынан ашып отууго кудуретибиз,кучубуз жетет деген,тымызын саясий оюну.Буларда азыр Бериянын убагындагыдай,ырайымсыз темирдей бекем режим.
+6
Toliksynchy
2018-02-17 17:56:17
Куйормандар колдоп элинин атын чыгарып турат
0
roland
2018-02-17 18:22:49
Түркмөндөр да ушундай
Көрдүк го Азия оюндарында
+1
nurik4554
2018-02-17 18:28:24
Биздикилер не болушту
+2
suban78
2018-02-17 18:58:57
Тундук корейлердин жашоосу курусун. Адам деген бир берилген омурдо эркинирек омур суруш керек да.
+3
Ak_Bulut
2018-02-17 19:23:40
Жаса дегенди жасаган "тируу куурчактар".
+2
Azatbek83
2018-02-17 19:35:05
Булар эркеги да аялы да Армияда кызмат кылышта.Ошон учун айтатда булар баары военыйлар дешип Молодцы красавицам!
+1
Rubin
2018-02-17 19:45:42
Туштук Кореянын кыздарына окшоп, пластикалык жасалма сулуулар эмес, табигый сулуулар экен.
+1
jbolotov
2018-02-17 20:48:39
Тундук корейлер оз жарандары Туштук кореянын жашоосун коруп калып калбасын, качып кетишбесин деп конвой менен алып кирип кайтарып отурушат экен. Мамлекеттен чыгаарда туугандарын залог катары кармашат экен кайра кайтып келиши учун. Чет жерде Россияга келип иштегендер тапкан пайдасынын жарымын мамлекетке которушат имиш.
+2
aerforce
2018-02-17 22:00:54
буларды атайып тандап жоноткон ал жакта урук тууганы калган эгер качып же бирдеме кылчу болсо все баарын кырат
+1
Akniet_kg96
2018-02-17 23:15:54
тартип кучту деп укчум эле менин женемдин подружкасы ошол жака турмушка чыкан аябай кыйналды тел мн да суйлоштурбойт экен суйлошсо да жанында биро тыншап турат экен
0
jbolotov
2018-02-18 09:12:51
Akniet_kg96,Ырас болуптур ошо акча акча деген кыз болсо керекда. Чет элдике тийсем эртен балам Кытай же Корей болот, кыргыз деген жерден чыгып калам деп ойлонгон кыздар жок, эптеп эле акча байга тийсем дейт. Эми ошентип башкаларга сабак болсун.
0
gulbar
2018-02-20 11:37:25
Буларда жада калса Президенти олгондо бетинди тытып ыйлабайсын деп да камап салган деп окугам интернеттен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан