АКШдагы Скриппс изилдөө институтунун окумуштуулары героинге көз каранды болуудан сактануунун коопсуз жана эффективдүү жолун ойлоп табышууда. Учурда изилдөө эң маанилүү жерине келди. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, героинге каршы вакцина адамдын иммунитетине таасир этип, маңзаттын эйфория чакыруусуна тоскоол болот. Бул баңгиликке берилген адамды көз карандылыктан сактайт.
Ким Жанд баштаган окумуштуулар героинге каршы вакцинаны 2013-жылдан тарта изилдеп башташкан. Алар алгач вакцинаны чычкандар менен маймылдарга колдонуп текшерип көргөн. Жаңы ачылышты адамдарга колдонуп көрүү убактысы да жакындап калганын айтышат.