Акыркы 16 жылда Түштүк Азияда орун алган Борнео аралында 100 миңден ашык орангутан өлтүрүлгөн. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окумуштуулар акыркы 16 жыл аралыгында изилдөө жүргүзүп, аралда жашаган орангутандын саны кескин азайып кеткенин байкашкан. Изилдөөчүлөр мунун башкы себеби катары токойлордун жок болуп, ордуна тоо-кен өндүрүү тармагы менен кагаз фабрикаларынын пайда болушун аташкан. Андан сырткары токойлор бар жерлерде да жаныбарлар жоголуп жатканы байкалган.
Окумуштуулар Малайзия менен Индонезиянын башчыларын маймылдарды сактап калуу чараларын көрүүгө чакырган.