Өкмөт башында жарым жыл. Сапар Исаков эмнелерге жетишти?

Өкмөт башында 6 ай же 183 күн. Адаттагыдай, премьер-министр Сапар Исаковдун соӊку 1 айлык ишине көз салабыз. Бишкек ЖЭБиндеги авария менен башталган соӊку 30 күн Исаков үчүн чиновниктерди кызматтан алуунун, эскертүү же сөгүш берүүнүн айы болду. Бул айда өкмөт башчы жарандык активисттердин кескин сындары астында иш жүргүздү.

ТАБИЯТ ТАРТУУ КЫЛГАН ЧЫР: ЖЭБде ӨНДҮРҮШТҮК КЫРСЫК ОРУН АЛДЫ

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, Бишкекте 120 947 үй 5 күн бою 30 градуска жакын суукта жылуулуксуз калды. 27-январда Сапар Исаков кырдаалды жөндөө үчүн атайын штаб түзүүгө тапшырма берди. Адистер жылуулук берүү саналуу сааттарда калыбына келет деп ишендирип, бирок 5 күндөн кийин гана абал жөнгө салынды. Бишкек ЖЭБи кырсыктан 5 ай мурун эле 386 миллион долларга жаӊыланып, ачылышы салтанат менен өткөн эле. Бишкек мэриясы да "кышка 100 пайыз даярбыз" деп ишендирип келген. Мына ушул жагдайлар коомчулукта өкмөткө карата күчтүү нааразычылыктарды жаратып, ал нааразычылык акырындап кытайлык кредиттин башында турган мурунку энергетика министри баш болгон депутаттардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине да жаай баштады. Премьер ыӊгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурады, түзүлгөн кырдаал боюнча жоопкерчиликти алууга даярдыгын билдирди. Өлкө башчысы да, парламент да Исаковго күнөөлүүлөр сөзсүз жазаланышы керектигин эскертишти. Өндүрүштүк кырсыктын себебин иликтөө үчүн өкмөттүк жана депутаттык комиссия түзүлдү.

Өкмөттүк комиссия 19-февралда "авария ЖЭБдин кызматкерлери жана жабдуулары кышка даяр эместигинен келип чыккан" деп корутунду чыгарды. Комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевге, анын орун басары Нурлан Садыковго, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго, "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаевге, ишкананын коопсуздук техникасы жана ишенимдүүлүк кызматынын жетекчиси Сергей Абдулхаировго, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасынын орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш берүү сунушталды. Ал эми "Электр станцияларынын" техникалык директору Алмаз Жусупбеков, Гидротехникалык кызматынын башчысы Кубанычбек Манкиев, эксплуатация жана жылуулук техникасынын жабдууларын оңдоо кызматынын жетекчиси Урмат Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Булардан тышкары ЖЭБдин дагы 7 кызматкери иштен алынып, 7 кызматкерине сөгүш берилери күтүлүп жатат.

Ал эми Жогорку Кеӊештин депутаттык комиссиясы ЖЭБди жаӊылоого Кытайдан келген кредит, 386 миллион доллар кандай жумшалганын иликтөөдө. Белгилүүсү - ЖЭБди жогорудагыдай суммага жаӊылоодо бул бөлүккө сууну тазалап бере турган химиялык блок куруу планга кирген эмес. Анын айынан ЖЭБде өндүрүштүк кырсык орун алганда даяр турган жаңы блокту ишке киргизип жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпай калууга мүмкүн болгон жок.

Коомчулук Сапар Исаковдун өкмөтүнөн бул окуяны ийне-жибине чейин иликтеп, карызга алынган каражаттын ар бир тыйыны өз максатында, өз дарегине колдонулдубу, жокпу, аныгына жетиши керек деп күтүүдө.

ЭЭРДЕН ШЫПЫРЫЛГАНДАР

2-февралда ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулу 6-февралда "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоев кызматтан бошотулду. Себеп - ЖЭБдеги авария. Булар өкмөттүк комиссиянын сунушуна чейин кызматтан алынышкан. ЖЭБ директорлугуна мекемени мурда жетектеп келген Андрей Воропаев дайындалды.

14-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев арыз жазып, кызматтан кетти. Анын ордуна мекемени мурда жетектеп кеткен Алина Шаикова дайындалды. 22-февралда Сапар Исаков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Абдыкаровду иштен аларын айтты. 2017-жылы ал кездеги премьер Сооронбай Жээнбеков жыйынга даярданбай келди деп дал ушул чиновникти "чык, эшикке!" деп кууп чыккан.

МИНИСТРЛЕРГЕ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Коррупциялык иш-аракеттерге бөгөт коюуда натыйжа көрсөтө албаганы үчүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге жана Каржы рыногун жөнгө салуу кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге сөгүш жарыяланды. Ал эми саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, юстиция министри Уран Ахметов жана башка чиновниктер эскертүү алды.

Сырттан келген инвестицияларды өздөштүрүү ишиндеги кемчилиги үчүн каржы министри Адылбек Касымалиев эскертүү алды. Ал эми экономика министри Артём Новиков, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, айыл чарба министри Нурбек Мурашев жана башкаларга катуу сөгүш берилди. Исаков айткандай, эгер булар жыйынтык көрсөтпөсө ээлеген кызматынан айрылышы мүмкүн. Кыргыз коомчулугу эскертүү же сөгүштү чиновниктерге татыктуу жаза деп кабыл алышы кыйыныраак.

САНАРИПТИК СЕКИРИК

Сапар Исаков 2-февралда Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеӊештин жыйынына катышты. Анда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери уюмдун алкагындагы жасалуучу иштерди талкуулашты. Исаков иш-чаранын алкагында "Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип" форумуна катышты. Анда санариптик трансформация жаатында Кыргыз өлкөсүнүн жетишкендиктерин атады. "Биз биометрикалык маалыматтарды киргизүү менен секирик жасадык. Өлкө жарандарынын 80 пайызы биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Маалыматтарды коргоо боюнча маанилүү мыйзамдар иштелип чыгып, кабыл алынган", - деди премьер. Исаков өзү айткан мыйзамдарды адегенде кол алдындагыларга түшүндүрүшү керек. Жакында Жогорку Кеӊеште юстиция министри Уран Ахметов биометрикалык маалыматтардын базасын ким коргой турганын, коргой албаса кандай жоопкерчилик тартарын айтып бере албай койгон. Ушул эле суроого Мамкаттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева да жооп айта алган жок. Мындай жагдай жарандарда чочулоону жаратты.

"АКЫЛДУУ ДУБАЙ" МЕНЕН ТААНЫШУУ

Сапар Исаков баштаган топ 11-февралда Дубай шаарында Өкмөттөрдүн дүйнөлүк 6-саммитине катышты. Саммиттин алкагында Дубай шаарынын полициясынын штаб-квартирасында болуп, анда "Акылдуу Дубай" долбоорунун ишинин жүрүшү менен таанышты. Дубайдын коопсуздугу 8 миң камера, мобилдик жабдуулар, спутник жана дрондун жардамы менен 24 саат бою түз көзөмөлдөнөт. Исаков Кыргыз жеринде "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууда дубайлык адистер менен кызматташууга кызыкдар экенин айтты.

"Акылдуу шаар" өлкөдө 2019-жылдын жай айларында иштеп баштамакчы. Жол кырсыктарын, жалпы кылмыштуулукту азайтуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Дубайдагыдай заманбап систем Кыргыз жеринде канчалык ийгиликтүү иштейт 1,5 жылдан кийин көрүнөт.

БАЖЫ САЛЫМДАРЫ ӨСТҮ

5-февралда Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен 2018-жылдын январь айынын жыйынтыгын талкуулады. Коомчулуктун көӊүлүн Кулматов айткан цифралар бурду. Тагыраагы, 1 айда Борбордук бажынын кирешеси 2 эсе, "Ош" бажысынын кирешеси 10 эсе өскөнү айтылды. Мисалы, мурда Борбордук бажыга күнүнө 30 миллион сом киреше түшсө, акыркы айда күнүнө 60 миллион сом түшө баштаган. Ал эми "Ош" бажысынын 1 күндүк кирешеси мурда 1,5-2 миллион сом болсо, азыркы тапта 15 миллион түшө баштады деди Кулматов. Жаӊы жыл алдында Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгына Кубанычбек Кулматовду дайындаган. Ошондой эле 2017-жылдын соӊунда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары, эл оозунда "Ош" бажысынын көмүскө кожоюну аталып жүргөн Райым Матраимов жана Борбордук бажынын төрагасы Султан Мамасадыков кызматтан алынган. Жогорудагыдай өсүш Борбордук бажынын жана "Ош" бажысынын мурдагы жетекчилерине карата экономикалык кылмыштарды тескөөчү органдарда суроо жаралышы керектигин эскертти. Казынага түшпөй жүргөн миллиондор үчүн алар жоопкерчилик тартабы? Азырынча жооп жок.

АЙДООЧУЛАРДЫ ДАЯРДОО АБАЛЫ

Премьер-министр элге кызмат көрсөтүүчү жайларды текшерүүнү улантууда. 6-февралда Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментине барды. Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак берүүчү жана унааларды каттоо иштери менен таанышып чыкты. Мамкаттоо кызматынын ал кездеги төрагасы Дастан Догоев айдоочулук күбөлүк алууда автомектептердин бардык түрү, күбөлүк алуучуларды тестирлөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык жаңы систем иштелип ишке киргизилгенин айтты. "Бул айдоочулук күбөлүк алуудагы коррупция мүмкүнчүлүгүн жана сынак алуучулар тарабынан билет тандап алуу мүмкүнчүлүгүн жоёт", - деди Догоев. Сапар Исаков автоунааларды каттоого түзүлгөн шарттарды да көрдү.

Өкмөт унааларды каттоонун баасын 3 эсе арзандатканы жатат. Жеӊилдик убактылуу берилет. Бул арада автоунаасын Башкы ишеним кагазы менен айдап жүргөндөр унааны өздөрүнө арзан баада каттатып алса болот. Жеӊилдик март айында берилери күтүлүүдө.

КОЛДООГО МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДӨН КАБАР АЛУУ

Премьер-министр 13-февралда Баткен облусуна барды. Бул иш сапары учурунда Кадамжайдын Алга айылында оор шартта жашаган Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Маалыматка таянсак, Мамытова жашы жете элек 4 баланы жалгыз тарбиялоодо. Жолдошу 2014-жылы каза болгон. Сапар Исаков бул үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга социалдык көйгөйүн чечүүгө жардамдашуу тапшырмасын берди. Өкмөт жетекчиси аймактарды кыдырууда оор шарттагы үй-бүлөлөрдөн кабар алууну салтка айландырды. Буга чейин Нарын, Ысык-Көлдөгү сапары учурунда да жакыр үй-бүлөлөрдөн кабар алган. Өкмөт башчынын мындай аракеттери коомчулукта жылуу кабыл алынууда.

2017-ЖЫЛГА БАА

22-февралда өкмөттө өлкөнүн 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы талкууланды. Анда айтылган маалыматтарга таянсак, былтыр айыл чарбада өсүү 2,2 пайызды, курулушта 7,1 пайызды, тейлөө тармагында 2,1 пайызды түздү. 2017-жылы экспорт 13,8 пайызга, импорт 12 пайызга өскөн. Өлкө былтыр дүйнөнүн 124 мамлекети менен соода-сатык жүргүзгөнү айтылды. Айтор, экономика министри Артём Новиковдун айтымында өлкөнүн бардык тармагы өнүгүү үстүндө баратыптыр. 2017-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 493,3 миллиард сомду түзүп, өлкө экономикасынын өсүшү 4,5 пайызды түздү. Айта кетсек, 2017-жылы августка чейин өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жетектесе, августтан бери эки тизгин бир чылбыр Сапар Исаковдун колунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан