Бүгүн, 18-февраль Бүткүл дүйнөлүк кит жана дельфиндерди, деги эле деңиз жаныбарларын коргоо күнү.

Бул майрамды эл аралык кит уулоочу комиссия киргизген. 1986-жылы 19-февралда коммерциялык азык катары киттерди уулоого тыюу салынган.

Тыюу салынган соң Япония санкциялардын коркунучу менен келишимге кирүүгө мажбур болгон, бирок "илимий изилдөө үчүн уулоо" деп күнүнө үчтөн кит уулоого мүмкүнчүлүк алган. Бул изилдөөлөрдөн кийин киттин эти ресторандарга түшкөн. 2007-жылы Япония кит уулоону кайра баштоо сунушун киргизген.
Бүткүл дүйнөлүк деңиз жаныбарларынын күнүн белгилөөнүн негизги максаты - бул бийлик өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана адамдардын баарынын көңүлүн буруу болуп саналат. Анткени бул уникалдуу жаныбардын планетада 119 түрү калды. Ошол себептен кит жана деңиз жаныбарларын коргоо замандын талабы.
Аталган жаныбарлар планетадагы деңиздик системдин түзүлүшүнүн эң бир чоң индикатору. Андан сырткары кит жаныбарлары экологиялык системдеги биологиялык айлануунун туруктуулугун жаратышат. Ар бир жоготууга учураган жаныбардын түрү кайра калыбына келбейт, демек, ал жаныбарлар дүйнөсүнөн өмүр бою жок болот.
2010-жылы 19-февралда Австралиянын премьер-министри Кевин Радд Япониядан кит уулоону токтотууну талап кылып, Гаагадагы эл аралык сотко бере турганын айткан.
Расмий маалыматтарга ылайык, деңиз жана океанда жашаган жаныбарлар адамдардын жаралышына чейин эле пайда болгон. Тактап айтканда, тюлень жана киттер 26 миллион жыл мурун пайда болушкан. Кит өпкөсү аркылуу аба менен дем алып, балдарын сүт менен багат. Көк кит - Жердеги эң чоң жаныбар болуп саналат жана анын салмагы 200 тоннага жетет. Адамдар киттердин мурутун, уругун жана майын алышат.