Буга чейин бир канча тасмаларда роль жаратып, бир эле учурда актриса жана ырчылык кесипти аркалап келе жаткан Алиша Дианын жолдошу менен ажырашып кеткендиги тууралуу кептер байма-бай айтылып келген. SUPER.KG порталы айтылган сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билүү үчүн актрисанын өзү менен байланышканда, ал бул маалыматты тастыктады.
"Өткөн жылдын 2-сентябрында үйлөнүү тоюбуз болгон, кайра эле 13-сентябрда ажырашып кеттик. Ошондон бери чогуу жашабайбыз, мыйзам жолунда ажырашканбыз. Эки беткей кеткенибиздин себеби тил табыша албай калганыбызда. Азыр Москвада бир долбоор менен иштеп жатам. Эмне долбоор экени сыр болуп турсун. Андан сырткары "Адам милдети" жана "Сен деп жашаймын" деген 2 ырыма клип тарттыргам, азыр монтаждалып жатат. Учурда кинолорго тартылуу үчүн көптөгөн сунуштар келүүдө. Бирок баарынан баш тартып жатам. Бишкекке барганда киного эмес, ырга басым жасайм. Жан дүйнөм ырдагысы келип жатат, кинодон чарчаган окшойм", - дейт ырчы.
Эске салсак, актриса 2017-жылдын 2-сентябрында турмуш жолуна аттанган. Үйлөнүү той Бишкектеги ресторандардын биринде болгон.
Алиша Диа "Уурунун махабаты", "Гаишниктер", "Сүйө бил", "Шаардык келин Шарапат" жана казактардын "Жаным" сериалында роль жаратып, "Импульс" тобунда ырдап жүргөн.
Алиша Дианын маегин кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин жаңы санынан окуй аласыздар.