КҮНСЕРЕП: Депутаттар жөө жүргөндөн эмес, контрабандага шектелип кармалуудан уялышы керек

Бүгүн, 19-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

15-16-февралда Казакстандын Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында жүргүзүлгөн атайын операцияда 35 адам кармалды. Арасында Кыргыздын 3 жараны бар, алардын бири - Жогорку Кеӊештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу. Калган экөөсү Чыӊгыз Абакиров жана Уланбек Мурадилов. 18-февралда Алматы шаардык сотунун чечими менен 29 жаран 2 айга камакка алынды. Арасында Казакстандын Бажы, милиция кызматкерлери ошондой эле Кыргыз парламентинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар. Казакстандын чек ара аймактарында контрабанда менен алектенген кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн жасалган операция Казак-Кытай чек арасындагы Алтын-Көл, Хоргос, Калжат пункттарында, Казак-Өзбек чек арасындагы Капланбек, Сарыагаш, Ата Мекен, Казыгурт, Казак-Кыргыз чек арасындагы Кордай жана Кара-Суу пункттарында жүргүзүлгөн. Кармалгандардын айрымдары күч органдарынын кызматкерлерине ири суммада акча сунуштап жазадан кутулуп кетүүнү көздөшкөнү тасмага тартылып калган. Бул акча менен бүтө турган иш эмес экени түшүнүктүү. Айтор, Жогорку Кеӊештин депутатынын абалы оор.

Жогорку Кеңештин депутаты кармалган факт боюнча айыптуу деп табылса аны кандай жаза күтөт? Бул окуядан президент, өкмөт жана Жогорку Кеӊеш кандай жыйынтык чыгарат? Бул суроолор көпчүлүктү кызыктырып турган учур.

Дамирбек Асылбек уулу 2009-2010-жылдары Бакиевдин "Ак жол" партиясынан парламент депутаты болгон. 2010-2015-жылдары "Мегаком" компаниясында иштеп, 2015-жылы "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеӊеш депутаттыгына шайланган. Акыркы 6 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти.

Депутаттын окуясы боюнча "Кыргызстан" фракциясы бул күтүүсүз окуя болгонун, чечим чыгаруу Казакстандын колунда экенин, эгер Казак тарап уруксат берсе барып депутат менен жолугуп, иштин чоо-жайын тактап келишерин айтып, билдирүү таратышты. Фракция лидери Алмазбек Баатырбеков депутат менен жакын жүргөн кесиптештерин чогултуп сүйлөшкөнүн, баары бир ооздон “мындай иштерге тиешеси жок болчу” деген маалымат беришкенин айтып, Дамирбек Асылбек уулу Кыргыз эле эмес, Казак спортуна да салым кошкон, аларга жат киши эмес болчу дейт.

Жакында интернетке экс-депутат Нургазы Айдаров менен мурунку милиционер Жалил Атамбаевдин Өзбекстандык олигарх Салим Абдувалиевди "Кыргыздын тиреги, Салим ака бар үчүн кыргыздар жашап жатат" деп мактап, кошоматтанганы тартылган видео тараган. Ошол эле күнү интернетке жогоруда сөз болгон депутат Дамирбек Асылбек уулу “Кыргызстан” партиясынын түптөөчүсү Шаршенбек Абдукеримов менен бирге Салим Абдувалиевге калпак кийгизип, чапан жаап сый көрсөтүп чогуу түшкөн сүрөтү тарап, талкууга алынды.

2017-жылы октябрда Кыргыз-Казак кризисинен улам чек ара жабылганда өкмөт башчы Сапар Исаков Казак тарапты ЕАЭБдин келишимдерин аткарбай, атайы тоскоолдук түзүп жатат деп айыптаган. Казак бийлиги чек аранын жабылышында саясат жок экенин, Кыргыз тарап адегенде чек арасынан контрабандалык жүк өткөрүүгө көзөмөлдү күчөтүшү керектигин айтып жооп кылган. Өлкөдө Бажы кызматынын жетекчилеринин алмашуусу менен бажы жыйымдары эселеп өсүп, жылыш байкалып жатат. Көрүнүп тургандай, Казак тарап дагы кардиналдуу чараларды колдонууга киришип, алгачкы эле күнү тузакка Жогорку Кеӊештин депутаты илинди. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө контрабанданы "чоӊдор" калкалоодо деп бекер айтпаптыр. Контрабанда, демек, Чек ара, Бажы кызматындагы коррупция жөнүндө сөз болууда. Мыйзам чыгарып, анын аткарылышын көзөмөлдөшү керек болгон адамдын минтип контрабандага шектелип кармалышы Кыргыз өлкөсүнүн аброюна чоң сокку урду. Убагында Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов, Бекмамат Осмонов, Дооронбек Садырбаев, Төлөгөн Касымбеков өӊдүү накта улутка күйгөн, чыныгы мамлекеттик ишмерлер отурган Жогорку Кеӊешке азыр кандай адамдар чогулуп алганын көрсөттү. Өӊчөй бизнесмен жана спортчулардан шайланган Жогорку Кеӊештин этеги улам жапканына карабай ачылып, улам бир сындоого татыктуу окуялары калкып чыгууда...

Өкмөт 2016-жылы өзгөртүлгөн Баш мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү өзүнчө мыйзам аркылуу толуктоого аргасыз болууда. Мындан улам парламентарийлер өкмөт алып келген мыйзамга толуктоону “Конституцияга каршы келет” деп өткөрбөй койду. Парламенттин айрым депутаттары башкы мыйзамга каршы келе турган мыйзамды кабыл алуунун ордуна Конституцияны өзгөртүүнү сунуштоодо. Алсак, парламент депутаты Исхак Масалиев өкмөттү Конституцияга каршы келген мыйзам долбоорун сунуштоодо деп сындады. Депутат өлкөнүн "Эл аралык келишимдери жөнүндө" мыйзамын Тышкы иштер министрлигинин сунушуна ылайык өзгөртүү үчүн адегенде Конституциянын 41-беренесин өзгөртүү зарылдыгын айтат.

Эл өкүлдөрүн чочулаткан эмне? Тийиштүү мыйзамга “жалпылык менен таанылган принциптер жана эл аралык укук нормалары” деген жаӊы термин киргизилип жатат. Бул терминдин маӊызы – жалпысынан норма катары кабыл алынган жана андан баш тартууга мүмкүн эмес болгон норма катары өлкөлөрдүн БУУ сындуу эл аралык уюмдар тарабынан таанылган эл аралык укуктун нормалары. Мыйзам “Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине каршы келген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин таануу” деген жаӊы 35-1-берене менен толукталат. Анда “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими жалпылык менен таанылган принциптерге жана эл аралык укуктун нормаларына толук же бөлүгү каршы келди деп эл аралык укуктун колдонулган нормаларына ылайык таанылат” деп жазылган.

Өкмөт мындай өзгөртүүнүн максаты - "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамын Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келтирүү экенин билдирүүдө. Баш мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгүндө: "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, - деп жазылган.

ТИМдин ушундай сунушун Исхак Масалиев, Курманкул Зулушев өӊдүү депутаттар Конституциянын 41-беренесин кайра калыбына келтирүүгө барабар деп жатышат. 2016-жылкы Референдумда Баш мыйзамдын 41-беренеси өзгөртүлгөн. Мурда 41-беренеде "Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана (же) зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт" деп жазылган. Азыркы тапта 41-беренеде жарандар укуктарын коргоо үчүн эл аралык уюмдарга кайрылса болору гана жазылып, Кыргыз тараптын жоопкерчилиги жөнүндөгү бөлүгү алып салынган. 2016-жылы БУУ Кыргыз соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго байланыштуу кайрылуу кылган. БУУнун бул аракетин бийлик эгемендүү өлкөнүн ишине сырттан кийлигишүү деп баалаган. 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деп кабыл алынган Баш мыйзамды өзгөртүү дал ушул беренени, ушул окуяны лозунг катары кармоо менен ишке ашкан эле.

Депутат Масалиев бүгүн БУУ өӊдүү эл аралык уюмдарда Кыргыз өлкөсүнө карата мамиле өзгөргөн болушу мүмкүн, ошондуктан Тышкы иштер министрлиги мыйзамга жогорудагыдай түзөтүү киргизип, Баш мыйзамды “айланып” өтүүгө аргасыз болуп жатышы ыктымал дейт. Ошентсе да парламент баш мыйзамга карама каршы келет деп аталган мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдогон жок. Тийиштүү комитеттен 3 окуудан колдоо таап, комитет өз чечими менен “Жогорку Кеӊеш жалпы жыйында колдоп берсин” деген мыйзам долбоорлорунун палатада кулап калышы сейрек кездешет. Мыйзам долбоорун кайра Жогорку Кеӊешке киргизүү үчүн өкмөт эми 6 ай күтүшү керек болот. Өкмөт өкүлдөрү депутат Зулушев айтып жаткан аргументтер туура эмес экенин, мыйзам, тескерисинче, Кыргыз тараптын эл аралык келишимдерди аткаруудагы укуктарын күчөтөт деп жатышат. Өкмөт эми кандай кадамга барат? Өлкөдө Баш мыйзам дагы өзгөртүлөбү?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан