Бүгүн, 19-февраль күнү Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 11 түрүнөн мелдештер орун алат.
Анда кышкы спорттун 3 түрү боюнча медалдар ойнотулмакчы.
Азыркы тапта жалпы командалык эсепте Норвегия курама командасы 9 алтын, 9 күмүш жана 8 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунду Германия курама командасы 9 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медаль менен ээлесе, 3-орунда 6 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медалдын ээси Голландия курама командасы жайгашууда.