Индиялык кыз акча табуу максатында өзүн эркек катары тааныштырып, 2 жолу үйлөнгөн

Индиялык кыз акча табуу максатында өзүн эркек катары тааныштырып, 2 жолу үйлөнгөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, ал Индияда кыздардын калыңына берилүүчү акча менен байыгысы келген. Кыздын кылмыштуу иштери анын биринчи "аялынын" ата-энеси полиция кызматкерлерине кайрылганда гана маалым болгон. Жабыр тарткандардын билдирүүсү боюнча мурдагы "күйөө баласы" алардан кызы үчүн калың талап кылып, мындан сырткары өзүнүн жеке ишин ачуу үчүн 13 миң доллар карызга алып кайтарып берген эмес.

Кылмышка шектүүнүн жынысы аял экени медициналык кароодон кийин белгилүү болгон. Кийинчерээк аныкталгандай, кылмышкер 2014-жылы да үйлөнүп, көпкө жашабай ажырашып кеткен. Андан соң кайрадан 2017-жылы үйлөнгөн. Аялдарынын көзүнчө чечинбегендиктен жана алар менен сексуалдык байланышка барбагандыктан кылмышкердин кыз экенин эч ким билген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
sirgak_92
2018-02-19 10:50:02
Күлүп атып боорум эзилди
+12
Paprikafm
2018-02-19 10:50:42
Тооба даана дабдырго, акча табуунун башка жолу калбай калыпбы, индияда кызга калын береби
+2
munira-tilen
2018-02-19 11:02:28
Paprikafm, ошондой екен ьалага биринчи кыздын ата енеси барат екен жуучу болуп
+1
Tynybek1989
2018-02-19 10:55:14
Акча табуунун дагы бир жолу
+1
Shokoladka94
2018-02-19 11:08:01
Эмнени гана ойлоп таппайт адам
+1
Dembele84
2018-02-19 11:45:20
Элестеттам,брачный ночь куну жатпай качып жургонун )))
+5
surgeon777
2018-02-19 13:27:14
Индияда калынды куйоо тарап алат жана кыздарды 8-12жашында эле куйоого беришет,бирок ал кыздар балакатка толмоюнча жыныстык катнашка барышпайт,типа сойко салгандай но "келиндер" кайындардыкында жашашат чонойгонго чейин,ошол учун тиги билинбей жургон.
+3
Rama9191
2018-02-19 15:32:06
Ой тообо заманын курусун.
0
Aika8985
2018-02-19 19:27:48
Тооба,шумдугун кур,акча деп эмнелерди гана кылышбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан