Бишкекте Индия маданиятынын фестивалы өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүндөгү Индиянын ден соолукту чыңдоо жана окутуу борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара борбор калаабыздагы мейманканалардын биринде 25-февралда өтөт.
"Иш-чаранын жүрүшүндө бардык каалоочуларга индия ырлары жана бийлери үйрөтүлөт. Мындан сырткары йога, туура тамактануу тууралуу сабактар өтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Фестиваль саат 10:00дөн 14:00гө чейин уланат. Кирүү акысыз.