Бир картинасы 2 миң долларга сатылган сүрөтчү чочко пайда болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, сүрөтчү чочко Түштүк Африка Республикасындагы фермалардын биринде жүргөн мезгилде жаныбарлардын укугун коргоо уюмунун мүчөсү Жоан Лефсон багып алган. Лефсон чочкого жакшы шарттарды түзүп, көптөгөн оюнчуктарды алып берген. Жандык алардын арасынан кыл калемди алып сүрөт тартууга киришкен. Жоан өзүнүн таланттуу чочкосун белгилүү сүрөтчүнүн атынан Пикассо деп атап, аны социалдык тармактардан жарнамалай баштаган. Чочконун мындай талантына таң калган интернет колдонуучулар аны өзгөчө жандык деп аташып, көптөгөн билдирүүлөрдү калтырып, картиналарын сатып ала башташкан. Анын өзгөчө эмгектери 2 миң долларга бааланып, бир канчасы сатылган.
Жоан чочкону сүрөт тартууга мажбурлабайт, бирок анын чыгармачылыгын колдоп, ар кандай көргөзмөлөргө алып барып турат. Искусство таануучулар салмагы 200 килограмм болгон сүрөтчүнүн эмгектери бир нече жылдардан кийин аукциондо миллиондогон долларга сатыла турганын айтышкан.