Кыргыздын жаш режиссёрлору Стамбулда өткөн фестивалда ийгиликке жетишти

Кыргыздын жаш режиссёрлору Түркиянын Стамбул шаарында өткөн фестивалда ийгиликке жетишти. Бул тууралуу алардын мугалими Стамбулбек Мамбеталиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Стамбулда уюштурулган эл аралык кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалында Кыргыз өлкөсүнөн барган 3 жаш режиссёр ийгиликке жеткен.

"Төртүнчү жолу уюштурулуп жаткан "Ааламга рахмат" деген аталыштагы кинофестивалда Кыргыздын жаш режиссёру Аскар Нуракун уулунун "Тасмага болгон сүйүү" тасмасы "Демөөрчүнүн атайын сыйлыгына" татыса, Мээрим Догдурбекованын "Бакыт" тасмасы "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" ээ болду. Ошондой эле Салтанат Зарнаеванын "Үй" тасмасы 3-орунду ээледи", - деп билдирди Мамбеталиев.

Аталган кинофестиваль 18-февралда өтүп, ага жалпы 175 тасма катышкан. Болуп өткөн сынакта "Сулуулукту даңазалаган сөздөр" темасы боюнча тасмалар кабыл алынса, келерки жылы сынакка "Бир туугандык" темасындагы тасмалар кабыл алына турганы белгилүү болгон.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ersin1705
2018-02-20 02:36:42
Стамбулда Стамбулбек укмуш го
Азаматсынар сыйлыгынар кут болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан