Бишкек шаарында жигиттер арасында эң келишимдүү мырзаларды аныктаган "Mister universal ambassador Kyrgyzstan" сынагы өткөрүлдү. Сынак 17-февраль күнү кыргыз мамлекеттик циркинде өтүп, 30 жигит катышкан. Алардын баарын артка таштап, "Эң сымбаттуу мырза" наамын жеңип алган борбордогу №74-мектептин 11-классынын окуучусу Аскат Осмонов кубанычы менен бөлүшүп, төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Сынакта улуттук өзгөчөлүк, мода көрсөтүү, классикалык, дизайнерлик өзгөчө кийимдер жана кече кийимдерин көрсөтүү боюнча жалпысынан 4 тапшырма болду. Улуттук өзгөчөлүк тапшырмасында мен ат менен оюн көрсөттүм. Кичинемден ат мингендиктен оор деле болгон жок. Жеңүүчү аталган соң Бали аралына эс алууга жолдомо жана диплом тапшырылып, таажы кийгизишти".
Белгилей кетсек, аталган сынак эл аралык сынактардын уюштуруучусу Алим Серебров тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.