Түштүк Америкадагы Колумбия мамлекетинин Картехен шаарында күчүктөрү өлүп калган ит маймылдын баласын багып алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү жашоочулар ит маймылдын баласын бага албайт деп ойлошуп, маймылды өзүнүн жашаган жерине коё бериш керек экендигин айтып чыгышкан. Бирок ал маймылдын баласын багып аны дайыма өзүнүн жонунда көтөрүп жүрөт. Мындан улам көпчүлүк итке болгон оюн өзгөрткөн.