Ала оорусу модель болууга түрткөн жигит өзүнүн келбети менен сыймыктанат

Лондондун 32 жаштагы Башир Азиз аттуу тургуну дененин ала оорусу менен жабыркап, коомчулуктун терс пикирлерин угуп келген. Азыркы тапта денесиндеги ала тактардын азайышы аны тынчсыздандырууда.

Башир Азиз ала оорусуна (витилиго) кичинекей кезинде эле кабылган. Анын денесинин дээрлик бардык бөлүгүн ак тактар ээлеп, ал тургай баш терисинин кайсы бир бөлүгү да агала болуп калганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мени мазактап, басмырлашкан. Адамдар мени зебра, ала уй деп аташчу. Бул сөздөр менин өзүмө болгон ишенимимди жоготту. Жашым өткөн сайын кыздар менен таанышып же иш-чараларга катышуу кыйынчылык жаратты", - дейт Башир Азиз.

Башир Азиз төрөлгөндө денесинин 80 пайызы агала болсо, учурда 40-50 пайызды түзөт. Ал бетиндеги ала такты жашыруу үчүн косметикалык каражаттарды колдонуп, мейкап жасап да көргөн. Башында бул оорудан арылуу үчүн дарылануунун бардык кызматын пайдаланган. Тилекке каршы, анын аракеттеринен майнап чыккан эмес.

Учурунда сырткы келбетиндеги кемчилиги үчүн уялган мырза азыркы тапта келбети менен сыймыктанат. Анткени көңүлүнө жаккан иш менен алектенет жана модель болуп иштейт. Бирок күн санап денесиндеги тактар азайып баратканы Башир Азизди сүйгөн кесибинен ажыратышы толук мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ziash85
2018-02-19 18:14:26
Атайын тартып койгондой го
+2
Pandora
2018-02-19 18:59:53
Кудая тообо кылдым
+1
abon
2018-02-19 19:10:12
бизде муну пес деп коюшатко
-5
Medinaa
2018-02-19 19:58:10
Неге ажырайт?
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан