"Кыз-жигит сармерден" теледолбоору шайыр жеңесин тапты

Көпчүлүк сүйүп көргөн "Кыз-жигит Сармерден" берүүсү шайыр жеңесин тапты. Долбоордун режиссёру Сагын Ниязалиева: "Сынакка эл арасындагы таланттуу айымдар, артисттер катышышты. Каалоочулардын саны көп болгондуктан кастинг үч этапта өттү. Ар бир баскычтын жыйынтыгында 3-4төн катышуучу тандалып алынган. Жыйынтыктоочу этап 17-февралда болуп, анда ырчы Анара Шаимкулова шайыр жеңе деп табылды. Буюрса, берүүнүн жаңы айлампасы Нооруз майрамына карата өткөрүлмөкчү", - дейт.

Анара Шаимкулова - фольклор ырчысы, "Күтүү", "Таптым сени", "Жароокерим", "Ата-эне" жана башка чыгармалардын аткаруучусу.

Эске сала кетсек, «Кыз-жигит сармерден» долбоорунун алгачкы алпаруучусу Гүлзат Батырканова 2015-жылы январь айында жол кырсыгынан көз жумса, андан кийинки шайыр жеңе Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын октябрь айында 40 жашында каза болгон.

“Кыз-жигит сармерденге” шайыр жеңе тандалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Nurgul_35
2018-02-19 21:43:02
Өмүрү узун болсун! ЖАМУда окуп жүргөндө эле таланттуу болчу. Ийгилик каалайм!
+3
zevs
2018-02-19 22:12:11
emi tynch ele bolsun
+3
Royal55
2018-02-19 22:21:00
Эмии туугандар кан чыгарып ырымдап анан баштагыла.Откондорду жайы жанаттан болсун.Келе турган эжебиздин омуру узууун болсун.Жалан гана жакшы жанылыктардан угалы.
+20
TazaKyrgyz
2018-02-19 23:57:16
Ай ии кандай жакшынакай айым экен.Куш келипсиз сармерденге.Сапарыныз узун узун и байсалдуу болсун!!!
+7
Bobina
2018-02-20 00:28:08
Сиздин омурунуз узуун болсун...
+4
kadyrym1
2018-02-20 02:14:16
Кудай омур берсин
+4
kelemdedin
2018-02-20 09:03:51
Уну аябай сонун ушул эженин. Ылайым шайыр чон эне болгончо журунуз сармерденде.
+4
ilgis1991
2018-02-20 09:08:59
Аа жакшы. Только Жалал Абаддыктар экен да аа биягы. ...
-6
TazaKyrgyz
2018-02-20 22:02:15
ilgis1991,Эмне деп жазгансыз эмнеге Жалал-Абад?
0
Bek_L
2018-02-20 09:09:12
Акырети абат болсун
0
luuntik
2018-02-20 09:13:34
2-3 суроту Гулбуго бир аз окшоп кетет экен, омуру узуун болсун, бөөдө кырсыктан сактасын аллах.
+3
Айдай
2018-02-20 09:21:42
Омурлуу болсун!!!
+2
kubasel
2018-02-20 09:43:57
тулоо откозуп койсун! озу ушул передачаны эфирден алып эле койбоду да! кара ниет болуп калды, менин жеке оюм.
0
pat12
2018-02-20 10:08:59
Азаматсынар ушинтип кыргыздын улуттук маданиятыбыз оркундой берсин. Тенир жалгап элибизде тынчылык окум сурсун.
-3
admin_superstan
2018-02-20 14:02:24
yrmat88, Tyty1990, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
JaneEr
2018-02-20 15:04:28
Элдин назары тушпосун,коз тийбесин бул айымга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан