Пйоңчаңда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында орусиялык кёрлинг спорту боюнча коло медалга татыган оюнчулар Анастасия Брызгалова жана Александр Крушельницкий допинг колдонгон болушу мүмкүн деген маалыматтар тарады. Бул боюнча Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Марк Адамс чет элдик басылмаларга билдирген.
Александр Крушельницкий допинг колдонду деген жүйө менен текшерилгендигин Эл аралык олимпиада комитети Орусия делегациясына билдирген. Биринчи текшерүү анын допинг колдонбогондугун көрсөткөн. Ал эми экинчи жолку текшерүү дагы бир күндөн кийин болорун айтышкан.
Бирок кёрлинг спортчусу жана анын машыктыруучусу коюлган айыптарды четке кагууда. Машыктыруучу Дмитрий Мельников: "Допинг - колдонууга тыюу салынган каражаттын катарына киргенге чейин Крушельницкий аны колдонгон. Ага тыюу салынгандан кийин кёрлинг спортчусу ал каражатты колдонбой калган", - деген.
Белгилей кетсек, Орусиянын олимпиада комитети допингди чегинен ашыкча колдонгондуктан оюндардан четтетилген. Орусиянын спортчулары Пйоңчаңдагы Кышкы олимпиада оюндарына Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен барган. Чакырууну буга чейин кызытма колдонбогон спортчулар гана алышкан.
Азырынча орусиялык кёрлинг спортчусунун допинг колдонгону так аныктала элек. Экинчи текшерүүнүн жыйынтыгы күтүлүп жаткан кез. Ал эми Анастасия Брызгаловага текшерүү жүрө элек.