АКШнын Массачусетс технологиялык институтунун өкүлдөрү абадан электр энергиясын өндүрүүчү каражатты ойлоп табышты. Мындай маалыматты институттун сайтына таянып чет элдик маалымат булактары жазды.
Бул каражат аба ырайынан көз каранды. Мисалы, аба ырайынын күндүзгү температурасы менен түнкү температурасынын айырмасы 10 градус цельсия болсо каражат 1,3 милливатт энергия иштеп чыгарат. Азырынча бул энергия менен датчиктерди кубаттоого болот.
Ойлоп табылган каражат жез, никелден алынган көбүктөр менен жасалып, графен катмары менен оролгон. Мындан улам бул аспаптын бир тарабы жылуулукту бөлүп чыгарса, бир тарабы чогултуп алат. Ал эми температуранын термелишинен электр энергиясын өндүрүүгө толук мүмкүн экенин адистер белгилешкен.
Учурда институттун адистери бул каражаттын кубаттуулугун жогорулатууну пландап жатышат. Эгер бул саамалык ишке ашса анда смартфондорду абадан алынган энергия менен кубаттоого мүмкүн болот.