Азамат Жаналиев Режеп Тайип Эрдоганга алтын мык кагылган портретин тапшырды

Стринг-арт стилинде (мык менен жипти колдонуп) сүрөт тарткан кыргыз сүрөтчүсү Азамат Жаналиев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга өзүнүн эмгегин тартуулады. Ал тарыхый инсандардын портретин стринг-арт стилинде сүрөт кылып тартып, эмгегин белгилүүлөрдүн өз колуна тапшырууну улантып келе жатат.

"Ушул жылдын 16-17-февралында дүйнөлүк этноспортту, этномаданиятты өнүктүрүү боюнча 56 мамлекеттен спорт өкүлдөрү Түркияга чогулушкан. Алардын арасында биздин спорт делегаттары да болду. Мен дагы иш-чарага катышуу менен бирге эксклюзивдүү эмгегимди тапшырдым.

Портрет булгаарынын бетине кагылган мык менен жасалды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын желеги, көчмөндөр оюнунун логотиби, "Улуу кыргыз изинин" логотиби түшүрүлгөн, 3 алтын мык да урулган. Бул менин 20-эмгегим.

Белекти президент өзү кабыл албаса да, уулу Билал Тайип Эрдоган кабыл алды. Белек берүүнүн негизги максаты - Кыргыз-Түрк мамилесин бекемдөө. Ошондой эле кыргыздын этномаданиятын таанытуу, жайылтуу", - деди Жаналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nemo2016
2018-02-20 12:02:31
Азамат ишти кыла бер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан