Гримдөөчү Айгүл Кыдыралиева Лондондо өткөн "London IFF-2018" сыйлык тапшыруу аземинде жылдын "Мыкты чач жасалга, грим жана келбет" сыйлыгына көрсөтүлгөн эле.
Аталган салтанаттын катышуучулары кызыл килемден өтүшүп, анда сыйлык ээсин тандашты. “Оскардан” кийинки эле киносыйлыкка англиялык атаандашы татыды. Жалпысынан 11 өлкөнүн мыктылары барган салтанат жыйынтыкталып, Кыргыз гримдөөчүсү ал сыйлыкка жете албаганын SUPER.KG порталына билдирди.
Айта кетсек, Айгүл Кыдыралиева 20-кылымдын Гомери Саякбай Каралаев тууралуу тартылган "Саякбай" фильминде гримдөөчү болгон. Саякбай фондунан ага "London IFF-2018" сыйлык тапшыруу аземине катышууга жолдомо алынып берилген. Бул сынакта грим боюнча ат салышууга КМШ өлкөлөрүнүн атынан Кыргыз өлкөсүнүн өкүлү Кыдыралиева барган эле.