Америкалык жеңил атлетчи 60 метр аралыкка чуркоо боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, АКШда өтүп жаткан чуркоо мелдешинде америкалык Кристиан Коулман аттуу жеңил атлетчи 60 метр аралыкка чуркоо боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылап койду. Коулман 60 метр аралыкты 6,34 секундда чуркап өткөн.
Буга чейинки рекорд америкалык жеңил атлетчи Морис Гринге таандык болчу. Ал бул аралыкты 6,37 секундда багындырган. Аялдар арасындагы ушул аралыктагы чуркоо боюнча рекорд орусиялык спортчу Ирина Приваловага таандык, ал бул аралыкты 6,92 секунд ичинде чуркап өткөн.