Улуу британиялык 46 жаштагы скайдайвинг (парашюттан секирүү) боюнча инструктор Карл Марш окуучусун куткарам деп өзү каза тапты. Бул жөнүндө чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, абадан секирүү учурунда үйрөнчүк спортчулардын биринин парашюту ачылбай калган. Окуяны байкаган Марш шакиртине жардамга келип, кошумча тарткычын ишке киргизген, бирок өзү негизги парашютка оролуп калган. Өз алдынча чыгууга аракет кылганы менен, натыйжа берген эмес, башкаруусуз калган парашюттун ылдам чимирилүүсүнөн кийин инструктор абадан эсин жоготуп койгон.
Натыйжада, жерге кулаган машыктыруучу алган оор жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Буга чейин Марш 1100 жолу абадан секирүүнү ийгиликтүү ишке ашыргандыгы жазылат маалыматта.