Сапар Исаков: "Өкмөт жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу реформаларды аныктады"

"Өкмөт жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу реформаларды аныктады". Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков 19-февралда Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен болгон жолугушуу учурунда айтканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Сапар Исаковдун белгилешинче, биринчи кезекте реформалар бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын тутумун түзүүгө багытталат. "Анын катарына мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгы жана айкындыгын, натыйжалуу мамлекеттик аппаратты, адилет салык салуу жана бажы төлөмдөрүн чогултуу, ошондой эле мамлекет жана жарандын өз ара аракеттешүүсүнүн бардык тармагындагы коррупциянын алдын алуу кирет", - деди ал.

Петер Буриан өз сөзүндө Европа Биримдиги Кыргыз мамлекети менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи. "Биз өкмөттүк программалар алкагында өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даярбыз. Программа маалыматтары эки тараптуу кызматташтык үчүн мыкты негиз болуп, колдоого алуу боюнча бизге багыт берет. Биз өз кезегинде Erasmus+ программасынын алкагында тийиштүү кадрларды даярдоо, сооданы өнүктүрүүдө кошумча кубаттуулукту жана акыйкаттыкка жеткиликтүүлүктү камсыздоо жаатында "Таза коом" үчүн жагымдуу шарт түзүү үстүндө иш алып барууга даярбыз", - деди Петер Буриан.

Андан соң тараптар Кыргыз мамлекети жана Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди даярдоо боюнча кенен талкуулашты. Андагы талкуулар боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду ушул жылдын февраль айынын аягында өтөт.

"Биз жаңы келишимди иштеп чыгуу маселесине чоң маани беребиз. Өкмөт сүйлөшүүлөрдү интенсивдүү режимде өткөрүүгө даяр. Кол коюлган келишим биздин мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз", - деп белгиледи Исаков.

Андан кийин Петер Буриан: "Биз ошондой эле Европа Биримдигинде келишимди тездетип макулдашууга даяр экенибизди тастыктайбыз. Эки тараптан чоң жумуш аткарылды. Биз регионалдык кызматташууга жана өлкөнүн санариптик күн тартибине абдан чоң маани беребиз. Санариптештирүү башкаруунун таза системин түзөт. Бул бүгүн бизнеске жана инвесторлорго керек нерсе", - деп кошумчалады Буриан.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар таза суунун жеткиликтүүлүгү, билим берүү жана сот адилеттигине байланыштуу долбоорлорду кенен талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан