Италияда мышык мураска 30 миң евро алды

Италияда мышык мураска 30 миң евро алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, маркум ээсинен 30 миң евро мураска алган мышыктын аты Жерри. Ал Фриули-Венеция-Жулия аймагында жайгашкан Сачил шаарында жашайт. Ээси тирүү кезинде эле өзүнүн жакындарына мышык анын жашоосундагы эң жакыны экенин айтып жүргөн.

Анын керээзи боюнча эгерде мышык кандайдыр бир оору менен ооруп кала турган болсо, анда үй-бүлө мүчөлөрү бардык баалуу буюмдарды сатып мышыктын ден соолугуна кам көрүүлөрү керек.

"Жерри апабыздын сүйүктүү мышыгы болгон, ал аны балдарынан да артык көрчү. Биз апабыздын акыркы сөзүн сыйлайбыз. Апабыз бизге бардык тирүү жандыктарга сый мамиле кылууну үйрөткөн", - деп ЖМКларга билдирген маркумдун кызы.

Мышык азыркы тапта мураска ээлик кылып, анын атайын жатуучу 4 жайы бар жана ал бир гана креветкалар менен тамактанат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
arena2014
2018-02-20 08:24:27
Ана пул)
+2
Adiletia
2018-02-20 08:25:23
Европа өнүкмөк тургай жиндида болуп калышкан
+5
Sizge.kat
2018-02-20 08:35:55
Ообу жоктун баары ушу чет мамлекеттен келет ошондон коро муктажтарга берсе бейишке куноолору тазаланбайбы десен
+2
Sizge.kat
2018-02-20 08:38:11
Биздикилер туурабаса болду тиги Мамырбай олоордо бут байлыгын курон токтуга жаздырды депчи
+3
kansulu
2018-02-20 09:15:45
Sizge.kat,
0
nurda00
2018-02-20 08:43:33
Жашоого наразы болуп кетесинго мышык сенден соонун жашап атса))))
+6
naziman
2018-02-20 10:28:00
соз жок эми
0
jbolotov
2018-02-20 14:03:30
Атан кору десе жалан креветка жеген бактылуу мышык экенда ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан