Депутаттар Жогорку Соттун жетекчилери комитеттин жыйынына келбегенине нааразы болушту. Тийиштүү мыйзам долбоор күн тартибинен алынды

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында “Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, баяндаманы юстиция министри жасамак.

“Бир Бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев бул мыйзам долбоорду эмне үчүн өкмөт киргизип жатканын сурады. “Жыйындар залында Жогорку Соттун өкүлдөрү барбы?” - деди депутат.

Комитет аппаратынын кызматкерлери Жогорку Соттун жетекчилери жыйында жоктугун айтышты.

Юстиция министри Уран Ахметов: “Бизге мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча тапшырма берилген. Мыйзам долбоор Жогорку Сот менен макулдашылган. Алардан эч кандай сунуш жана пикир жок деген кат келген”, - деп жооп берди.

КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев Мыктыбек Абдылдаевди колдоп, мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуштады. “Жогорку Сотко тийиштүү мыйзам болгондон кийин жетекчилери отурушу керек да. Суроолор болушу мүмкүн. Бул эмне деген мамиле? Күн тартибинен алып салууну сунуштайм”, - дейт Карашев.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан