Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева кыргыз тасмасына саундтрек жаздырышты

"Дарак ыры" аттуу мюзикл жанрындагы тасмага ырчы Жылдыз Осмоналиева жана "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренконун үнү менен саундтрек жаздырылды. Бул туурасында аталган фильмдин режиссёру Айбек Дайырбеков билдирди.

"Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева мюзиклдеги бир ырды саундтрек кылып ырдашты. Ырды Москвадан Игорь Матвиенконун студиясынан жаздырышты. Экөө тең биздин кино тууралуу көптөн бери кабардар. Фильмдин ачылыш аземи 28-февралда болот. Салтанатка Светлана Назаренко да, Жылдыз Осмоналиева да келет", - дейт режиссёр.

"Дарак ыры" мюзикли - Кыргыз өлкөсү, Казакстан жана Орусия биргелешип тарткан фильм. Сценарийдин негизги өзөгүн кыргыздын илгертен айтылып келе жаткан уламыштары түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aerforce
2018-02-20 14:10:56
Жылдыз эжекебиз такыр башкача болуп кетиптирго
+1
rysik79
2018-02-20 14:34:29
Светлана патриот кызыбыз биздин кыз.. анча- мынча киргиздерден алда канча ойдо Назаренко!!
+8
nazira...
2018-02-21 08:42:42
rysik79, мен айтам да ошентип. "312-кино", "312-музыка" каналдары да ушулардыкы эмеспи?
+1
Azatbek83
2018-02-20 14:43:40
Молодцы
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан