Бүгүн, 20-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 9 түрүнөн мелдештер өтүп, 5 медалдар топтому ойнотулууда.
Азыркы тапта муз үстүндө бийлөө боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Мелдеште 20 команда катышып, мелдештин жыйынтыгында канадалык Тесса Вертью жана Скотт Моир 206.07 упай топтоп олимпиада чемпиондору болду. Күмүш медалдын ээлери франциялык Гийом Сизерон менен Габриэла Пападакис болду, алар 205.28 упайга ээ болушту. Коло медалды 192.59 упай топтоп АКШлык Алекс Шибутани жана Майя Шибутани тагынышты.
Азыркы тапта жалпы командалык эсепте Норвегия курама командасы 11 алтын, 9 күмүш жана 8 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунду Германия курама командасы 10 алтын, 6 күмүш жана 4 коло медаль менен ээлесе, 3-орунда 8 алтын, 5 күмүш жана 6 коло медалдын ээси Канада курама командасы жайгашууда.