Жаңы үлгүдөгү Samsung Galaxy S9 жана S9+ смартфондорунун баасы маалым болду.
Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, расмий жарыялоого саналуу күндөр калганда жаңы үлгүдөгү Samsung Galaxy S9 жана S9+ смартфондордун баасы тууралуу маалымат коомчулукка тарады.
Белгилүү болгондой, экранынын узундугу 14 сантиметр 7 миллиметр, 4 гигабайт оперативдүү жана 64 гигабайт болгон эс-тутумга ээ Galaxy S9 смартфону 1 миң 130 долларга бааланган. Ал эми экранынын узундугу 15 сантиметр 7 миллиметр болгон, 6 гигабайт оперативдүү жана 128 гигабайт эс-тутумга ээ S9+ смартфондун баасы 1 миң 260 доллар.
Samsung Galaxy S9 жана S9+ жаңы уюлдук телефондорунда адамдын жүзүн таануучу системи жакшыртылып, манжа издерин басуучу сенсору камеранын жанында эмес, астында жайгашкан. Жаңы үлгүдөгү смартфондорду элге расмий жарыялоо 25-февралга белгиленген.