45 жаштагы америкалык актриса Кэмерон Диас тун наристесин күтүүдө

45 жаштагы америкалык актриса, Голливуд жылдызы Кэмерон Диас жана анын жолдошу 38 жаштагы Бэнжи Мэдден наристе күтүп жатышат. Ушул күнгө чейин бала жытын искебеген актриса мындан ары эне боло албайм деп ойлоп жүргөн. Бирок кеч болсо да наристелүү болуу бактысы буюруп, актриса кош бойлуу экенин билген. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар анын жакындарынын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. Ал тургай актриса папараццичилердин да кылтагына илинип калган.

Учурда Кэмерон коомдук иш-чараларга барууну токтотту. Ал үй иштерине көбүрөөк көңүл буруп жаткан чак. Карьерасын таштап, калган өмүрүн жарыкка келе турган ымыркайына жана жолдошуна арнай тургандыгын жакындарына айтып бергендиги жазылат маалыматта.

"Мен үй кожойкеси болуп, балдарым менен үйдө отургум келет", - деген актриса.

Белгилей кетсек, Кэмерон Диас менен Бэнжи Мэдден 2015-жылы баш кошуп, 3 жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
pikooo93
2018-02-20 22:01:14
аа ий карып калган турбайбы
-1
vikidiki
2018-02-21 00:34:04
Балалуу болуп алса деп ойлоп койчу элем. Жакшы болуптур. Аман эсен коз жарып алсын.!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан