Кытайда лифт менен жүргөндөрдөн акы алына баштады

Кытайдын борбору Пекиндин айрым көп кабаттуу турак үйлөрүнө коюлган лифтке акча төлөп түшүү талап кылынды. Бул жөнүндө чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, алгач акы төлөнүүчү лифттер шаардын түштүгүндөгү лифт жок үйлөргө коюлган. Акы төлөө жолдору коомдук транспортко акы төлөгөн системдик тартипте ишке ашат. Ар бир лифтке түшкөн учурда электрондук билеттен 0,2 юань (0,03 доллар) өлчөмүндөгү каражат алынары белгилүү болду.

Мындай шартка тургундардын ичинде макул болгону да, болбогондору да бар. 60 жаштагы пенсионер Ян Гуйсян:өө көтөрүлгөнгө караганда бир топ ыңгайлуу болуп калды, мурда жүк менен жогору чыгуу татаал болчу", - деп билдирсе, социалдык тармактын колонуучуларынын бири "0,2 юань чоң акча эмес болгону менен, айдын аягында жөө эле чыгууну каалап калбасак болду", - деп билдирүү калтырган.

Акылуу лифттерге ар бир жаран орто эсеп менен айына 100 юань каражат коротушу мүмкүн экендиги аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
muhsina
2018-02-21 07:12:19
Эшикке чыгып киргенде ойлонуп жүрүп калышат экен да)))
+4
Kulatov
2018-02-21 07:36:00
Биздин чоңдор укпасын биз да лифти акы төлөй турган кылалы деп чыгышат.
+6
Paprikafm
2018-02-21 13:01:04
Kulatov,ошону айтсан , алар укпасын
0
Astin0790
2018-02-21 15:19:53
Бизде деле толонот лифке бирок арзанда айына 45сом
0
Kulatov
2018-02-21 21:38:05
Astin0790,лифтке акча төлөнгөнүн билбейт экен ошондо кытайлар бул жагынан бизден артта калган болобу
0
Bale
2018-02-22 01:53:31
кытай эмес Казакстан да деле төлөп тушот экен го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан