ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечими менен Эмил Кайкиев Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү болуп дайындалды.
20-февралда Кыргыз мамлекетинин атынан аталган кызмат ордуна дайындалган Кайкиев өз ишине киришкени тууралуу комиссиянын расмий сайтына жарыяланды.
Белгилей кетсек, Евразия экономикалык комиссиясынын курамы 10 адамдан турат. Анда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ар биринен экиден мүчө болууга тийиш.
Эмил Кайкиев 2015-жылдын март айынан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келсе, 20-февралда өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен кызматынан бошотулган. Өкмөттүк аппарат анын кызматтан бошотулушун башка ишке өткөндүгү менен түшүндүргөн.