Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун оюнчусу Филипп Коутиньонун үйүн белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 19-февраль күнү Коутиньо достору менен биргеликте үй-бүлөлүк кечки тамакка барып, кайра келген учурда үйүнө белгисиз адамдар киргендигин байкаган. Окуя тууралуу ошол эле замат полиция кызматкерлерине кабар берген.
Эң кызыгы, ошол күнү Коутиньонун унаалары башка жакка көчүрүлгөнү белгилүү болгон.
Филип Коутиньо "Ливерпуль" командасынан Барселона клубуна өткөн учурда, Испаниядан үй табууга учурдагы командалашы Луис Суарес көмөктөшкөн.
Коутиньо Барселона клубуна ушул жылдын январь айында 120 миллион евро баа менен өткөн.