Түркмөнстандын президенттик аппараты "люкс" класстагы брондолгон унааларды сатыкка койду. Өлкөнүн мамлекеттик биржасынын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, сатыкка коюлган унаалардын саны 25ке жетет. Алардын арасында Mercedes-Maybach S600L үлгүсүндөгү унаалар да бар.
Алардын баасы заводдон чыккан жылына жараша коюлган. 1995-жылы чыгарылгандары 25 миң 100 долларга бааланса, 2009-жылы чыгарылгандардын баасы 75 миң 500 доллар деп көрсөтүлгөн.
Бирок унааларды сатыкка коюунун себеби көрсөтүлгөн эмес.
Бул унаалар Түркмөнстанга иш сапары менен келген башка мамлекеттердин президенттерин ташууга пайдаланылып келсе, айрым учурда өлкө жетекчиси Гурбангулы Бердымухамедов жеке өзү айдаган.