"Дем" театрынын жетекчилик тизгини Назым Мендебаиров менен маркум Марат Козукеевде эле. Назым Мендебаиров кесиптешин эскерип жатып, "Марат экөөбүздүн тең жооптуу ишибиз бар эле. Жазындагы концертте топтун жетекчилигин башкаларга өткөрүп берели деп жатканбыз. Тилегибиз Маратсыз орундалмай болду" деп айткан. "Дем" театрынын жигиттери 8-Март – Аялзатынын майрамына карата 3 күн концерт беришет. Мындан улам жетекчилик орун кимге өтөт деген суроо менен Назым Мендебаировго кайрылдык.
- Назым мырза, жазындагы концертте топтун жетекчилигин башкага өткөрүп бермекпиз дедиңиз эле. Жетектөө кимге өтмөй болду?
- "Демдин" жетекчилигин өткөрүп берүү туурасында Марат менен аягына чейин сүйлөшпөй калгам. Өткөрүп берүү оюбузда бар эле, бирок быша элек болчу. Ошондуктан бул орунду толугу менен башкага өткөрбөй турам го деп ойлоп жатам. Бирок башкарууга балдарды дайындайм. Кийин биздин ордубузду баса турган балдардын атын эл алдында атап коём.
- Бул Марат байкесиз өткөрүлүп жаткан алгачкы концерт эмеспи. Анын жоктугу билинип жатса керек?
- Албетте, байкалат. Театрдын, анын ичинде "Демдин" турмушунда орду абдан чоң болчу. Эмне кылабыз, айла жок. Жалпы концерттин өтүү тартибин ал пландачу, номерлерди кеңешчүбүз, балдар даярдаган сатираларды толуктап, ала турган жерин алып дегендей. Андыктан анын элесине арнап сөзсүз бир номер аткарабыз.
- Концерттин өзөгүн аялзатына арналган сатиралар түзсө керек?
- Былтыр концерт бербей калганбыз. Ошондон бери эле даярданып келе жатабыз. Акыркы концертибизде сахнага чыкпай калган номерлерибиз да бар болчу. Анын баарын иштеп чыктык. Көп номерлерибиз аялзатына арналат. Кыскасы, концертке келген көрөрман ырахат алып, майрамдык маанайда кетет деп ишенебиз.
- Театрдын курамы мурункудай элеби же жаңыландыбы?
- Биздин жамаат ошол эле боюнча, бир гана Марат жок. 12 жигит.