Тажикстандын алтын резерви сегиз жылда 13 тоннага жогорулады

Тажикстандын алтын резерви акыркы сегиз жылда алты эсеге же 13 тоннага жогорулады. Бул тууралуу дүйнөлүк алтын резервдерине саресеп салган "World gold council" уюмуна шилтеме жасап, чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Тажикстан алтын резерви боюнча дүйнөдө 63-орунда турат. 2018-жылдын февраль айына карата Тажикстандын алтын резерви 15,6 тоннаны түзгөн. 2010-жылы бул көрсөткүч болгону 2,6 тонна болсо, 2000-жылы өлкөнүн алтын резерви 200 килограммды түзгөнү айтылат.

Уюмдун маалыматы боюнча, Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң көп алтын запасы бар өлкө Казакстан. Аталган өлкөнүн резерви 301 тоннаны түзөт. Ал эми Кыргыз мамлекетинин алтын резерви 12,4 тонна экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tular
2018-02-21 09:14:48
Е- мое... Биз ошондо Тажикистандан да артта квлдыкпы...
+3
Rifle_I
2018-02-22 00:35:12
tular,эң жакыры биз болот окшойбуз. 120 буканы багабыз деп жатып, кийгенге шымыбыз калбай калат окшойт.
0
maks992
2018-02-21 09:39:54
алтынды баары Кыргызстандаго өзү
+1
Leilektik
2018-02-21 10:01:11
maks992,Канада чыгарып кетти анын баарын бизге экологияны булгачуу калдык калды 1орунда турабыз ошол жактан
+7
nazarKGZ
2018-02-21 09:58:55
Алтындын баары Кытайга кирип кетип атат
+5
Derzki_kyrgyz
2018-02-21 14:10:53
Шорунарга шорпо кайнайын деп калды
0
Kemel29101981
2018-02-22 02:40:24
Беш тонна туркияга кирип кетти. Шефтен сурасанар айтып берет, эмнеге иштеткенин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан