Америкалык актриса Линдси Лохандын Мода жумалыгына жоолук салынып келгени кызуу талкуу жаратты

Америкалык ырчы, актриса жана модель Линдси Лохандын ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу кептер буга чейин эле айтылып келсе, жакында эле анын Лондондо өткөн Мода жумалыгына жоолук салынып келгени бул сөздөрдү ого бетер курчутканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, актриса көргөзмөгө кара түстөгү жоолук салынып келип, күйөрмандары менен сүрөткө түшүп, көп өтпөй эле кетип калган. Ошондой эле косметика чыгарган белгилүү компаниялардын бири өзүнүн каражаттарын колдонуп көрүү үчүн тартуу кылганда, ал дайыма адал гана боёктор менен боёно турганын айткан. Учурда бул көрүнүш интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынууда.

Белгилей кетсек, Лохандын ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу кептер өткөн жылдан бери айтылып келет. Тактап айтканда, былтыр ал социалдык тармактагы баракчасынан бардык сүрөттөрүн өчүрүп, аты-жөнү жазылган жерге "Алейкум салам" деп жазып койгон. Бирок актрисанын апасы кызы жөн гана социалдык тармактан тажаганын айтып, бир аз убакытка тыныгууну чечкендигин билдирген. Ал эми актриса өзү бул тууралуу эч кандай билдирүү таратпастан, болгону Куран китебин окуп жаткандыгы тууралуу айткан.

"Лондондо мусулман досторум көп. Бир жолу алар Куран китебин окуп көрүү үчүн беришкен. Бул китепти Нью-Йоркко барганда да окуп жүрдүм. Ал мага көп эшиктердин каалгасын ачты", - деген ал.

Айта кетсек, Лохан буга чейин бир канча мусулман өлкөлөрүнө кайрымдуулук иштери менен барып, сириялык качкындарга жардам берип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nevestkaa
2018-02-21 09:29:08
Линдси сен эң туура жолдосун жана бул жолдон эч качан адашпа.Кудайым сага жар болсун.
+24
ludimira
2018-02-21 11:21:47
Nevestkaa,бул бир жолу пляжга келип мусулманча купальниктерди кийип суротко тушкон,анан эле чечип ыргытып "жон эле мусулман дизайнерлер менен контракт кылып,реклама кылам "деген.ойлойм простоо реклама или кайсарлыгы
-7
Baiana
2018-02-21 09:37:20
Аллах ыраазы болсун,
+16
Sveta23
2018-02-21 10:41:09
Туура кылат исламга өтүп.Анткени бул өтө кайсар,оюна келгенин жасап жүргөн кыз болчу.Эркектер менен да кыздар менен да жашап жүргөн түгөй болуп.Эсине келе баштаптыр.Түзүк.
+8
OAlmaz
2018-02-21 13:42:56
Алла ыраазы болсун, эн Туура жолдосун.
+4
Mydearzh
2018-02-21 20:40:52
Экинчи суротундо Мерием Узерлиге окшошуп калыптыр ))
0
Zainidin96
2018-02-21 22:47:48
Азаматсын Аллах туура жолдон адаштырбасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан