ЖЫЛНААМА, 21-ФЕВРАЛЬ: Азиза: "Туулган күндүк майрам кечээ эле башталган"

Ырчы Азиза бүгүн, 21-февралда 37 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышканда, туулган күнүн майрамдоо кечээ эле башталганын айтты.

"Чыгармачылыктын арты менен көптөгөн дос-тааныштарды күттүм. Алар менин бир тууганымдай эле болуп калышкан. Ошолордун бири кечээ кечки саат жетилерде куттуктап, сүрөтүм түшүрүлгөн торт алып келиптир. Кеп тортто эмес, көңүлдө дегендей, ошондон бери маанайым жакшы. Алардын артынан эле досторум, жакындарым куттуктап башташты. Кечинде достор, санаалаштар менен бирге чогулабыз", - деди ал.

Азиза 1981-жылы 21-февралда Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Алты бир туугандын улуусу. Элге Мухтар Атаналиев экөөнүн аткаруусундагы "Толкундар" ыры менен таанылган. Андан сырткары "Сизге", "Сезбедиң", "Экөөбүз", "Кайдасың?", "Биздин сүйүү", "Бала жыты" деген ырлары бар.

21-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
barakcha
2018-02-21 12:17:35
Жакпайт.Ото эле бой которгон аял.
0
Makain
2018-02-21 12:44:25
Эмир акам куттуктабадыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан