Москва шаарынын Савелов сотунда француз автору Жильбер Синуэнин ырчы Филипп Киркоровдон плагиат боюнча 15 миллион 500 миң рубль талап кылган доосу боюнча бүгүн, 22-февралда сот отуруму орун алат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, сотко чейин жеткирген ыр "Шёлковая нить" деп аталат. Аны мурда франциялык ырчы жана актриса Далида аткарып келген. Француз авторунун өкүлү Игорь Трунов кеп Франциянын автордук коомунда 1978-жылы катталган "Helwa ya Baladi" ыры туурасында болуп жаткандыгын, жактоочу талап кылынган акчанын суммасы дагы өсүшү мүмкүндүгүн кошумчалаган.