Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG порталынын Түз эфиринде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенованын маеги башталат.
"Бул жылы чыгармачылыкка катуу киришип, жаңы жаратуулардын үстүнөн иштейм", - деген ырчыга арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот. Ырчы бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:00 Алина Жетигенованын Түз эфирдеги маеги башталды, ырчы алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.
15:08 Суроо: "Сиз мурда аткарган ырларды азыр жаш ырчылар жаңылап аткарып жатышат. Алардын талантына кандай баа бересиз?"
"Ооба, ырларымды Айдана Дека, Асел Кадырбекова, Чолпон Талипбек жана башкалар аткарып жүрүшөт. Ырлардын автору мен эмес, ошентсе да кыздар мага кайрылып, уруксат сурашкан. Ага абдан ыраазы болдум. Алар таланттуу кыздар, эч кандай каршылыгым жок. Башкача айтсам, ырларды башкалардан кызганбайм. Ыр деген жашаш керек. Балким, алар менден да жакшы аткарып чыгышат", - дейт ырчы.
15:15 Суроо: "Балдарыңыз кайра сахнага кайтабы?"
"Уулум Азиз үй-бүлөлүү, балалуу болуп бир аз сахнадан алыстап кетти. Бирок биротоло чыгармачылыгын токтотпостон азыр кароо-сынактарга катышууга камданып жүрөт. Ал эми кызым Азель эне болгондуктан, үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бөлүп калды. Ал дагы жакында ыр-бийди улантат. Кичүү уулум Алтынбек жогорку окуу жайды аяктап, өз кесиби менен иштеп жатат. Учурда 3 неберем бар", - деди Жетигенова.
15:18 "Мен 1982-жылдан тартып ырдап чыктым. Негизи ал убакта эстрада ырчылары аз болгону менен, өтө күчтүү ырчылар бар болчу. 1991-жылдары Айчүрөк Иманалиева, Мерген Турган, Динара Акулова, Расул Маматкулов менен бирге элге тааныла баштадык. Мен башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк кароо-сынактарга катышып калгандыктан, эч ким менен атаандашкан жокмун", - дейт ырчы.
15:21 Алина Жетигенова жандуу үн менен "Кыздын сыры" чыгармасын аткарып берди.
15:25 "Ушуга чейин ырчылыкты таштабай келе жаткандыгымдын себеби жолдошум менен кайын журтумдун колдоосу. Алар ар дайым колдоп келгени үчүн тынбай гастролдоп, чыгармачылыгымды үзгүлтүккө учураткан жокмун", - дейт ырчы.
15:38 Окурмандын "Пластикалык операцияга көз карашыңыз?" деген суроосуна "Эгер адам ошол нерсеге муктаж болсо жасатса болот. Бирок сулуулук үчүн келбетин алмаштырып, табият берген өңдү бузуунун кереги жок", - деп жооп берди.
15:40 Суроо: "Балдардын жашоо-тиричилигине кийлигишкен ата-энелерге кандай көз караштасыз?"
"Балдарыма кичинекей кезде музыкалык окуу жайга окутуп, жол көрсөткөнүм эле болбосо, андан кийин эч нерсесине кийлигишкен жокмун. Бирок ата-эне өз баласына эч качан жамандык каалабайт. Андыктан балдарды адашпасын деген ойдо кеп-кеңеш бергендин жамандыгы жок".
15:45 Окурмандын "Өлкөнү башкарып калсаңыз ишти эмнеден баштайт элеңиз?" деген суроосуна, "Мамлекет башкаруу оңой эмес, өтө оор. Мен бул кызматты аркалай албайт болчумун. Мунун жоопкерчилиги өтө чоң", - деп жооп берди.
15:46 Суроо: "Чын атыңыз Алмакан экенин билебиз. Ушул ат менен атап чакыргандар барбы?"
"Чынында көптөр Алина деген атка көнүп алышканбы, айтор Алмакан деп атагандар саналуу гана. Байкем көбүнчө "Алмаш" деп чакырып калат. Бирок паспорттогу атым - Алмакан боюнча эле, азан чакырылып коюлган атымды алмаштырган эмесмин".
15:53 Суроо: "Уулуңуз Азизди эрте үйлөнтүп койгон жоксузбу?"
"Азиз 29 жашында үйлөнүп, 30 жашында уулдуу болду. Анан канчага чейин жүрүшү керек эле? Менимче, тескерисинче үй-бүлө курганга эч шашылган жок", - деп жооп берди ырчы.
15:58 Ырчы Алина Жетигенованын Түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.