Кышкы Олимпиада оюндары: Фристайл боюнча мелдеште орусиялык спортчу коло медалдын ээси болду

Бүгүн, 21-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 11 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 6 түрүндө медалдар ойнотулууда. Азыркы тапта фристайл спортуна кирген ски-кросс боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

"Феникс Парк" лыжа борборунда орун алган мелдешке 31 спортчу катышып, финалдык бөлүккө 4 спортчу аттанган. Мелдештин жыйынтыгында канадалык Брэди Леман алтын медалды тагынды, швейцариялык Марк Бишофбергер күмүш медалды тагынса, орусиялык спортчу Сергей Ридзик канадалык Кевин Друринин катачылыгынан улам жыгылып, бирок кайрадан туруп мараны көздөй жеткенге алды. Муну менен Кевин Друри жарыштан четтетилип, орусиялык Сергей Ридзик коло медалды тагынды.

Медалдык жарышта азыркы тапта лидерликти Норвегия, Германия жана Канада курама командалары сактап келе жатышат. Норвегия 11 алтын, 11 күмүш жана 8 коло медаль менен 1-орунда, Германия курамасы алтын медалдар боюнча Норвегияга жетип, бирок күмүш жана коло медалдар боюнча артта калууда (11 алтын, 7 күмүш жана 5 коло). Канада курама командасы 3-орунда жайгашты, анын капчыгында 9 алтын, 5 күмүш жана 6 коло медаль бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан