"Супер сулуу-2013" наамынын ээси Орункүл Шабралиева Түркияда модель катары эмгектенүүдө

"Супер сулуу-2013" наамынын ээси Орункүл Шабралиева учурда Түркиядагы моделдик агенттиктердин биринде модель катары эмгектенип жатат. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.

"Түркияга келишимдин негизинде келгем. Учурда ар кандай көргөзмөлөргө катышам, жарнактарга тартылам. Андан сырткары киного тартылууга да сунуш түшүп жатат. Азыр фотопробада сүрөтчүлөр менен иш алып баруудамын. Ырчылыкка да багыт алдым эле, бирок ал ишим убактылуу токтоп турат. Кыргыз өлкөсүнө баргандан кийин өзгөчө стилде ырчы катары чыгайын деген ойлорум бар", - дейт модель.

Эске салсак, "Супер сулуу-2013" сынагында 14 финалчынын ичинен баш байге Орункүл Шабралиевага буюрган. Ал экзотикалык өлкөгө жолдомо алып, Шри-Ланка аралында эс алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
plaza85
2018-02-22 08:50:32
Озубуздун жерибизде эле иштегенин жакшы болмок. Ботон адамдар биринчи озунун максатын ойлойт.
+4
gulzam
2018-02-22 09:40:13
plaza85,ийгилик болсун
+1
aszyma
2018-02-22 10:01:08
Кызыл туфли өтө чоң көрүнөбү? 41-размер эмеспи?
+2
aishe
2018-02-22 10:30:47
aszyma,))))))))
Өзгөчө стилиң кандай болду экен эми. Үч албарстыга окшоп чыкпаса эле болду.
0
Petrovka
2018-02-22 11:04:01
Ырчылыкты жон койбопсун да
0
Edelveis929317
2018-02-22 16:43:35
Оруна болуп алды беле адашпасам )))
0
jyldyz1
2018-02-22 17:19:57
Онкологияда кордум эле аябай жонокой кыз экен ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан