20-февралда ырчы Кызсайкал Бөрүбаева менен жолдошу Эрнисттин үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырды. Дегенибиз, ырчы мындан бир нече күн мурда кош бойлуу экенин SUPER KG порталына билдирген эле. Эки жаштын ата-энелери бизге жакшы жаңылыгын айтышып, кубанычтары менен бөлүштү.
Кызсайкалдын апасы Тамара Курманалиева: "Кызым көз жарганга чейин чоң эне болсом, эми "таене" деген эки статуска ээ болдум. Кудагыйым "неберем өзүмө куюп койгондой окшош экен" деп маңдайы жарыла кубанып жатат", - дейт, толкундана.
Ал эми Кызсайкалдын кайненеси Сейил Абдырашитова: "Учурда келиним менен неберемдин акыбалы жакшы. Кызым (ред. Кызсайкал) бизге кыз төрөп берип, бактылуу чоң ата, чоң эне кылды. Наристенин салмагы 2 килограмм 800 грамм, бою узун эмитен эле. УЗИден кыз экенин билгенден кийин алдын ала Альфия деген ысымды тандап койгонбуз. Учурда үйүбүздө чоң майрам болуп жатат. Куттуктап чалгандар көп болгондуктан телефонум бир топ убакытка чейин иштебей калып жатат", - деп билдирди.
Кызсайкал Бөрүбаева - куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Мажиттин карындашы. 6 жашынан тартып сахнага чыккан Кызсайкал "Достор", "Балалык", "Апакем" жана башка чыгармаларды аткарып ырчылыкка аралашкан.
Түгөйлөр өткөн жылдын жай айларында баш кошуп, сентябрда үйлөнүү үлпөтүн өткөрүшкөн.