Android системинде иштеп келген "Nuance" компаниясынын дүйнөгө белгилүү болгон мобилдик клавиатурасы - Swype Keyboard өз ишин токтотот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Айтканга өкүнүчтүү, бирок Android системинде иштеп келген Swype+Dragon мындан ары өз ишин токтотот, программа жаңыланбайт. Биз ишенебиз Swype менен колдонуу силерге жакты", - деп билдиришкен программанын негиздөөчүлөрү.
Компания клавиатуранын ишинин токтоткондугун башка программанын үстүндө иштеп баштай тургандыгы менен түшүндүргөн. Жакында "Nuance" компаниясы технологияларды үн менен башкаруу системин киргизет, учурда аны ишке ашыруунун аракеттери жүрүп жатканы жазылат маалыматта.
Түзүүчүлөр бул программа жакында App Store системинен да өчүрүлөрүн билдирген.