Британиялык ырчы Эд Ширан жашыруун үйлөндү

Британиялык ырчы Эд Ширан сүйүктүүсү Черри Сиборн менен жашыруун түрдө үйлөнгөнү тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтын чыгышына 2 нерсе себеп болгон. Биринчиси - ырчынын күйөрмандары Лондондогу концертте анын колундагы нике шакегин байкап калышкан. Экинчиси - алпаруучу, актриса Эллен Деженерес өзүнүн социалдык баракчасына: "Эд Ширан, туулган күнүң менен! Үлпөт той үчүн кубанычтамын", - деген билдирүү калтырган.

Ал эми учурда той тууралуу айтылып жаткан кептерге ырчы эч кандай комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, Эд Ширан "Так талашуу оюну" тасмасынын 7-сезонунда эпизоддук роль жаратып, актёр катары да таанымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Elnura1997
2018-02-22 04:21:20
Озубуздун эсеби жок ырчылар турганда чет элдик ырчыларды эмне кылабыз? Андан коро Роза Амановадан интервью алыныздарчы
+4
aizush
2018-02-22 15:10:37
Чын жүрөктөн баарибир дейин десем ыры жагат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан