Орусиялык аял үйүнө 27 Кыргыз жаранын каттоого тургузганы үчүн соттолду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган аялдын үйүнө 2017-жылдын август айынан декабрь айына чейин 27 Кыргыз жараны каттоодо турганы аныкталган. Буга байланыштуу жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, бир дарекке өтө көп адамды каттоого койгону үчүн ага карата кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлүп берилген. Сот аны мыйзамды бузган аракеттерди жасаган деп 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.