Америкалык ырчы Бейонсенин 6 жаштагы кызы Блу Айви 1 миң 750 долларлык сумка көтөрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, журналисттер бул көрүнүштү америкалык баскетбол жылдыздарынын оюнунда сүрөткө тартып алышкан. Анда Бейонсе жана рэпер Jay-Z`нин 6 жаштагы кызы Блу Айвини Улуттук баскетбол ассоциациясынын жылдыздары катышкан оюнда кымбат баалуу кийим жана белгилүү "Louis Vuitton" мода үйүнүн баасы 1 миң 750 доллар турган күңүрт көк түстөгү сумкасы менен байкашкан.
Белгилей кетсек, атактуу түгөйлөр кызы жарык дүйнөгө келгенге чейин эле ага жеке сайт ачып, бир бөлмө толо түрдүү белектерди камдап коюшкан. Алардын ичинде баасы 50 миң доллар турган коляска да болгон. Ар дайым кымбат гана кийимдерди кийген кичинекей Айвинин баалуу буюмдары буга чейин да бир топ талкууларды жаратып келген.