Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында мекендешибиз Евгений Тимофеев слалом боюнча жарыштын биринчи бөлүгүндө 1 мүнөт 01,56 секундда келип 49-сапта жайгашып, экинчи баскычка өттү. Биринчи айлампада норвегиялык Хенрик Кристофферсен 47,72 секунд менен келип сап башында. Швециялык Андре Мюрер 47,93 секундда келип экинчи болду. Тимофеев 108 спортчунун ичинен 98чи болуп жарыш талаасына чыккан болчу.
Экинчи аракетке 52 спортчу өтө алды, алардын арасында мекендешибиз да бар. Экинчи баскыч Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да башталат.
Эске салсак, Евгений Тимофеев тоо лыжа спортунун гигант слалом түрү боюнча мелдештин биринчи баскычында 110 спортчунун арасында 63-орунду ээлеген.